www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамкурулуш жыл башынан тарта 184 лицензия тариздеди

2021-жылдын 1-кварталында мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 184 лицензия таризделген. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 110, Чүй облусу - 14, Талас - 3, Ысык-Көл -14, Ош - 32, Баткен- 2, Жалал-Абад - 5 жана Нарын - 4 лицензия берилген.

Жалпысы Кыргызстандын юридикалык жактарына - 179 жана 5 жеке ишкерге лицензия берилген. 129 уюм лицензияны биринчи жолу алган, калган уюмдар аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости