www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүн ар тараптуу колдоо боюнча демилгесинин алкагында, бүгүн, 9-майда Баткен шаарында 36 турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак үйлөрдүн капсула салуу аземине президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулү Абдикарим Алимбаев, «Ихлас» курулуш компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын жакындары катышты.

Курулуш үчүн шаардык мэрия тарабынан Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер ажыратылды. Төрт бөлмөлүү ар бир үйдө жашоо үчүн бардык шарттар жана короосу үчүн 6 сотыхтан жер каралган. Аймакка бала бакча жана сейил бак да курулат.

Турак үйдүн курулушу ата мекендик «Каганат» инвест холдингинин «Ихлас» курулуш компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин эки ай аралыгында бүткөрүү пландалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости