www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэропортунун жанындагы мурдагы “Ганси” аба базасынын ордунда ачылган госпиталды оңдоп-түзөө иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылган ишканаларга жана куруучуларга мамлекет 7 миллион сом карыз. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул акча “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөнүшү керек болчу.

Мындан тышкары, “Аскер курулуш” ишканасы Коргоо комитетинин Бишкек боюнча турак жай бөлүмү менен 42 миллион 980 миң сомдук келишим түзгөн, бирок бүгүнкү күнгө карата бул акчанын 39 миллион 700 миңи гана которулган.

Аскер прокуратурасы бул боюнча териштирүү жүргүзүп жатканы, эгер мыйзам бузуу аныкталса тийиштүү чара көрүлөрү кабарланды.

Быйыл Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, ооруканаларга киши батпай калганда өкмөт бейтаптарды “Семетей” госпиталына (мурдагы “Ганси”) жайгаштырган. Оору басаңдаганда госпитал убактылуу жабылып, ичинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости