www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуссияда мамлекетке чыккынчылык кылган чиновниктерди жана аскер кызматкерлерин өлүм жазасына тартуу сунушталды.

Парламент “Кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алганын "Азаттыктын" беларус кызматы жазды.

Мындан тышкары Беларус армиясынын жана укук коргоо органдарынын беделине шек келтирип, атайылап жалган маалыматтарды тараткандардын жоопкерчилиги жөнүндө берене киргизилүүдө.

Беларуссия - Европадагы өлүм жазасы жоюла элек жалгыз өлкө. Акыркы 30 жылда өлүм жазасына байланыштуу 400дөн ашуун өкүмү аткарылган.

Өткөн жылдын май айында Александр Лукашенко теракт жасоого аракет кылгандарды өлүм жазасына тартууга жол берген мыйзамга кол койгон. Оппозициянын тарапкерлерин "террордук аракеттер үчүн" айыптоо Беларуссияда көнүмүш тажрыйбага айланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости