www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус Кыргызстанга кантты бере башташы мүмкүн. Бул тууралуу 18-апрелде Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын табигый монополияларды жана үстөмдүк кылуучу түзүмдөрдү жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Лариса Шустикова билдирди.

Ал учурда Кыргызстанга Беларустан кант жеткирүү боюнча алдын ала макулдашуу бар экенин, аны Индиядан алып келүү варианты да каралып жатканын айтты.

"Бирок быйыл кант кызылчасынан жакшы түшүм болот деген үмүттөбүз. Евразиялык экономикалык комиссия менен иштөөнүн алкагында Кыргызстанга 70 миң тонна кумшекер жеткирүүгө квота бөлүнгөн. Айыл чарба министрлиги жакын арада кумшекерге квота бөлүштүрүшү керек жана биздин жеткирүүчүлөрдөн кайсынысы кумшекерди пошлинасыз ташып кире алат", - деп түшүндүрдү ал.

Республикада ун, өсүмдүк майы жана кант жетишсиз, деп белгиледи Л.Шустикова.

"Биз өзүбүз тез-тез суроо-талапты жаратабыз. Республикада кант жетиштүү: 105 миң тонна жана андан да көп өздүк өндүрүш болот. Албетте, бул тууралуу айтуу кыйын, анткени импорттук көз карандылык чоң роль ойнойт. Албетте, биз жума сайын мониторинг жүргүзүп турабыз", - деди ал

Булак: NazarNews.kg

Последние новости