www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. 

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат. 

Ошондой эле УКМКга Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизүү тапшырмасы берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости