www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин 11-кичи районунда 9,64 гектар жерге 17 кабаттуу 24 үй салынып, анын ичинен аянты 40 050 чарчы метр болгон 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-мартта турак жай комплексин курууга мезгил кутусун салуу иш-чарасында билдирди.
Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, долбоорду “Экспо строй” курулуш компаниясы ишке ашырат жана анын акысына Бишкектен эки жер тилкеси берилет.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы эле турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Электрондук порталга ушул тапта 100 миңге жакын адам (99 миң 931) кезекке жазылган. 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 9 346 киши үйлүү болду.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.
Булак: NazarNews.kg