www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик ишканалар эми кирешесин бюджетке төкпөйт...

Мамлекеттик ишканалар тапкан кирешесин республикалык бюджетке берүү милдетинен үч жылга бошотулду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламентте билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мамлекетке караштуу ишканалар кирешесинин 50 пайызын республикалык бюджетке которуп келген. Эми мындан ары андай болбойт. 

Бул тууралуу министр Амангелдиев:  "Жакында эле министрлер кабинетинин токтому чыкты. Азыр өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап алышы үчүн мамлекеттик ишканаларды үч жылга бошотуп жатабыз. Мындай саясаттын максаты — мамлекеттик ишканаларды жандантып, өзүн-өзү башкарган, кирешелүү тармакка айлантуу", — деп белгиледи.

Ошондой эле, учурда 63 мамлекеттик ишкана, 34 ачык акционердик коом бар экенин, алардын ичинен 50гө жакыны гана өзүн-өзү бакканга жараган ишкана деп аталарын айтты.

Последние новости