www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети ««Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.
Тиешелүү №360 токтом 2026-жылдын 21-майында кабыл алынып, 22-майда «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган.
Документке ылайык, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсынын акционери катары Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функциясы Каржы министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү.
Өзгөртүүлөр президенттин 2024-жылдын 20-мартындагы «Камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана «МКУ» ААКсынын ишинин натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында киргизилди.
Каржы министрлигине Президенттин иш башкармалыгы менен биргеликте токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү тапшырылды.
Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.