www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 1-июнда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кытай Эл Республикасынын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чень Жуйфэн жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Арслан Койчиев Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен болгон достук, жакшы коңшулук жана өз ара ишенимге негизделген мамилелерге өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара ишенимди жана достук мамилелерди мындан ары чыңдоонун, ошондой эле этностор аралык саясат, коомдук ынтымак жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.  

 

Последние новости