www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарында Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин демилгеси менен атактуу Шабдан баатырдын уулу, Кыргызстандагы туңгуч мусулмандар казысы Кемел ажы Шабдан уулу (1882–1948) негиздеп, өзү диний кызмат өтөгөн тарыхый мечитке эскерткич такта орнотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Кемел ажы 1946–1948-жылдары аталган мечитте имам болуп кызмат кылып, кыргыз элинин руханий турмушуна, ислам дининин өнүгүшүнө салым кошкон. Анын диний-агартуу ишмердүүлүгү улуттук жана диний баалуулуктарды сактоодо өзгөчө мааниге ээ болгон.

Эскерткич тактанын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Жетигенов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев, ошондой эле Шабдан баатырдын урпактары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын соңунда Шабдан баатырдын, анын уулдарынын жана Кемел ажынын арбагына багышталып куран окутулуп, маркумдарга арналып бата кылынды.

Последние новости