www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековдун журналисттер, блогерлер жана жана жарандык активисттер менен  жолугушуусу алар үчүн уюштурулган оперативдүү штабда өттү.  

Жолугушуу жүрүшүндө аракеттерди эки багыт боюнча бириктирүү жөнүндө макулдашылган чечим кабыл алынды: 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки багытта күч-аракеттерди бириктирүү боюнча макулдашылган чечим кабыл алынды:

- гуманитардык жардамды чогултууда;

- бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүүдө.

"Азыр бири-бирибизди сындап, бөлүнүп-жарыла  турган учур эмес. Элибиздин бакубатчылыгы, республиканын бүтүндүгү үчүн биригишибиз керек. Бардыгыңыздарга активдүү атуулдук позицияңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул жерде ар кыл кесиптин жана ар кыл пикирлердин өкүлдөрү чогулду. Бириктирип турган бир нерсе – биз баарыбыз куттуу жерибизде тынчтык жана бейпилдик болушун каалайбыз. Биз диалогго даярбыз жана Баткен облусундагы жарандарыбыз үчүн ушул оор мезгилде биригүүгө чакырабыз”,- деди Дайырбек Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости