www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын төрагалыгы астында ведомствонун кезектеги жумушчу кеңешмеси өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумдун жүрүшүндө санариптик трансформация боюнча министрлик жана ведомстволордун ишмердүүлүгүн координациялоо, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарын жакшыртууга жана бизнес-процесстерди оптималдаштыруу маселелери талкууланды.

Нурия Кутнаева кеңешменин катышуучуларына Санариптик өнүктүрүү министрлигинин санариптештирүү жаатында аткарган иштери жана жетишкендиктери тууралуу айтып, мындан аркы өнүгүү пландары тууралуу ой бөлүштү.

Ведомство башчысы ошондой эле мамлекеттик органдар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы боюнча өз алдынча алмашышы мүмкүн болгон калкты тейлөө борборлорунда берилген маалымкаттар боюнча статистиканы сунуштады.

Ал эми санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, киберкоопсуздук боюнча мониторинг борборун түзүү максатында мыйзамдарды өзгөртүүнү кошкондо, санариптик трансформация боюнча пландарды сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү жана маалыматтарды алмашуу үчүн “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында активдүү өз ара аракеттешүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости