www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы 2019-2020-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу маалыматты жарыялады.
Бирдиктүү салык декларациясын тыпшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.
Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 2019-жыл үчүн – 129, 2020-жыл үчүн – 471 кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын саны 227, анын көпчүлүгү муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жана адистер.
Декларацияны өз убагында же такыр тапшырбаган, туура эмес маалыматтар менен тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмеси юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет.
Тизмени Мамлекеттик салык кызматынын сайтынан (http://www.sti.gov.kg/decl_dolj) көрө аласыздар.
Булак: NazarNews.kg