www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 27-январында кабыл алынган.

Мыйзам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн, Бириккен улуттар уюму тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда сатып алуучу уюм түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган.

Муну менен катар мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости