www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жыйын А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы залында өтүп, ага Министрликтин жетекчилиги, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн башчылары, борбордук аппараттын кызматкерлери офлайн, ошондой эле аймактык мекемелердин өкүлдөрү онлайн форматта катышты.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тил мыйзамынын бир катар беренелеринин аткарылышы каралып, мамлекеттик тилди ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздарында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, телерадиоберүүдө, маданият жана искусство тармагында колдонуу маселелери талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик жана жеке уюмдардын аталыштарында, расмий документтерде, мөөр жана бланктарда мамлекеттик тилди туура пайдалануу, санариптик чөйрөдө жана керектөөчүлөрдү тейлөө тармагында тил саясатын камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов мамлекеттик тилдин тармактагы колдонулушу боюнча маалымат берди.
Ал эми Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонууга муктаж” аттуу баяндамасында мамлекеттик тилди кеңири колдонуу – анын өнүгүүсүнүн негизги шарты экенин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тил жаатындагы санариптик материалдар да сунушталып, катышуучулар тарабынан талкуу жүргүзүлдү, суроолорго жооптор берилди.
Белгилей кетсек, Улуттук комиссия өз ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына туруктуу мониторинг кылып, тиешелүү мамлекеттик органдарда көзөмөл иштерин жүргүзүп келет.