www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-декабрда, «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарага агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова жана Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнура Мамырова катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.

Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын кыргыз филологиясы факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында бир катар сынактар өткөрүлдү. Анын ичинде “Акыл таймаш” интеллектуалдык радиотаймашы, кыргыз тили боюнча улуттук олимпиада жана республикалык сынактар уюштурулуп, жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөрдү жараткан командалар жана катышуучулар жеңүүчү деп табылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы №1404/1 “Мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо жөнүндө” буйругу менен бекитилген иш-чаралар планынын алкагында уюштурулду.

Агартуу министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды байма-бай уюштуруп, билим берүү тармагында кыргыз тилинин колдонулушун кеңейтүүгө жана анын кадыр-баркын жогорулатууга туруктуу салым кошуп келет.

 

Последние новости