www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А.Изибаев атындагы Мамлекеттик цирктин имараты биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Имарат 1976-жылы курулган, ошондон бери бир да жолу ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес.

Цирктин директору Рыскул Боромбаевдин айтуусуна караганда, учурда реконструкция иштери кызуу жүрүүдө.

"Имараттын сырты мрамор менен кооздолот. Алар атайын Ирандан алып келинди. Канализациялардын бардыгы жаңыланып, керектүү жумуштардын бардыгы аткарылууда", - деди ал.

Мамлекеттик цирктин жетекчиси ал жакта иштеген артисттер үчүн да жакшы шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, цирктин имаратын оңдоо тапшырмасы президент Садыр Жапаров тарабынан 2023-жылы июлда берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости