www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик «түбөлүк ижаралоону» жокко чыгаруу чечимине келди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү маселелери жөнүндө» токтомунун долбоорунда айтылды.
Агенттик 19-мартта тиешелүү өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга койду.
Аукционду бир жолу утса (атаандаштык аз болгон шартта), ижарачы мамлекеттик мүлктү кайрадан атаандаштык процедурасынан өткөрбөй туруп, ондогон жылдар бою ээлеп туруу укугуна ээ болот.
Ижара мөөнөтүндө кыймылсыз мүлккө болгон баанын рыноктук өсүшү 50% же андан көп болушу мүмкүн. Буга байланыштуу объектти кайра баалоонун ордуна, келишимди узартууларга чектөө коюу зарылчылыгы келип чыгат.
Аталган себептерден улам, ижара келишимдерин узартуу жол-жобосун кайра карап чыгуу сунушталат», - дейт Мамлекеттик мүлк мекемеси.