www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын илим, билим берүү жана мамлекеттик саясий башкаруу системасы оор жана орду толгус жоготууга учурады.
Өмүрүнүн 73-жылында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, окумуштуу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы төрагасы Мамаюсупов Өмүрзак Шеранович дүйнөдөн кайтты.
Өмүрзак Мамаюсупов 1953-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган. Ал өмүрүн илимге, билим берүүгө жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган. 1973-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1984-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин аспирантурасын, ал эми 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин магистратурасын ийгиликтүү бүтүргөн.
Физика-математика илимдеринин кандидаты жана юриспруденция магистри катары Өмүрзак Мамаюсупов ата-мекендик илимдин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Эмгек жолун мектеп мугалими болуп баштап, кийин Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунда улук илимий кызматкер болуп эмгектенген. Ал 40тан ашык илимий эмгектин автору.
Ал негиздеп, илимий-методикалык жактан жетектеген "Ноокат билимканасы" жатак-лицейи миңдеген айылдык жаштар үчүн билимдин жана тарбиянын чыныгы мектебине айланып, өлкөбүздүн алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири катары таанылды.
Омурзак Мамаюсупов мамлекеттик кызматта да өзүнүн жогорку кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана принциптүүлүгү менен айырмаланган. 1995–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат катары тармактык комитеттин төрагасы болуп иштеген. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган. 2000–2001-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
Анын өмүр баянында 2001–2006-жылдар өзгөчө орунду ээлейт, бул мезгилде ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын жетектеген. Аталган жылдары Өмүрзак Мамаюсупов өлкөдөгү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын калыптанышына жана өнүгүшүнө, конфессиялар аралык ынтымактын чыңдалышына, диний туруктуулуктун камсыздалышына жана коомдук биримдиктин сакталышына зор салым кошкон.
Мамлекет алдындагы көп жылдык үзүрлүү иши жана сиңирген эмгеги үчүн Омурзак Мамаюсупов «Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры», "Даңк" медалы менен сыйланып, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" ардак наамына татыктуу болгон.
Өмүрзак Мамаюсуповдун жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, досторунун, кесиптештеринин, шакирттеринин жана аны урматтап-сыйлаган бардык адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын орду толгус оор кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, Д.Дж. Амангельдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, М.К. Алиев, Б.А. Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.Б. Апсатаров, Н.К. Ташбеков, К.Т. Туманбаев, Д.Ш. Кендирбаева, Г.Т. Исаматова, Т.Н. Ташибеков, Б.М. Дженбаев, Б.И. Борубашов, С. Рустамбек уулу, У.К. Жаанбаев, Н.Я. Алимжанова, Б.Р. Зулпиев, С.С. Касмамбетов, М.М. Иманкулов, А.Б. Кенжебаев, Д.Т. Шейшеканов, А.Н. Закиров, З.Ш. Ракиев, Н.О. Орунтаев, Т.С. Саякбаева, Ж.Б. Жанузаков, С.Б. Абдрахманова, Б.С. Исаков, Т.И. Першина, А.Н. Зырянова, К.А. Чекиров жана башкалар.