www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манас" аэропортун сырткы башкарууга берүү боюнча ачык сынакты сентябрда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров билдирген.
Анын айтымында, учурда ачык сынак өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат. Ага Германия, Түштүк Корея сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн компаниялар кызыкдар экенин билдирип, сунуштарын берүүдө.
"Биз өкмөткө сунуштарды киргиздик. Эки этап менен ачык-айкын конкурсту өткөрөбүз. Бул боюнча президент менен сүйлөштүм. Ал киши ачык-айкын конкурс өткөрүп, татыктуу компания утсун деген тапшырма койду", - деди Сабиров.
Эске салсак, кыргыз бийлиги "Манас" аэрорторун сырткы башкарууга берүү боюнча ишти былтыр баштаган. Бул үчүн Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кеңешчү катары тандалган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана Ош аэроптортторун түркиялык YDA INŞAAT компаниясына сынаксыз эле 39 жылга сырткы башкарууга берүү чечими каралып жатканын билдирген. Бул коомчулукта чоң талкуу жараткан соң өкмөт бул чечиминен баш тарткан.
Булак: NazarNews.kg