www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манас" эл аралык аэропортун 17-декабрга караган түнү саат 00:00дөн тарта коюу туман каптап, каттамдар токтотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.
Маалыматка ылайык, Алматыдагы кошумча аэродромго Стамбулдан "Түрк аба жолдору", Дубайдан "Флай Дубай" жана Москвадан "Аэрофлот" конду. Ошондой эле "Авиа Трафик" компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго барып токтогон. Ал эми "Эйр Астана" авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда.
Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алуу сунушталат: "Манас" 0 312 693109; "Ош" 0 3222 90101.
Аэропорттун жетекчилиги жүргүнчүлөрдөн жана коноктордон кырдаалды түшүнүү менен кабыл алуусун суранды.
Булак: NazarNews.kg