www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Манас» эл аралык аэропортунда чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Өзбекстандын жараны Кыргызстандан 28 160 АКШ долларын бажы декларациясын толтурбастан жана ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен алып чыгууга аракет кылган.
Аталган факты боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү («Бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.