www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын тарабынан жол куруу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Учурда Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жалпы узундугу 12 чакырым 400 метрди түзгөн бул жол мурдагы эски темир жолдун ордуна салынууда.

Учурда курулуштун алкагында эски темир жол конструкциялары алынып, жолдун негизин даярдоо жана тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Адистер тарабынан бардык техникалык талаптар сакталып, иштер өз нугунда аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, аталган автожол 4 тилкелүү болуп курулат.

 

Последние новости