www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому менен “Премиум Пасс Кейджи” ЖЧК “Манас” эл аралык аэропортунда дүйнөлүк деңгээлдеги консьерж кызматтарын ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол коюшту.

Бул кызматташтык жөн гана формалдуулук эмес, аэропортто жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүн комфорттуу жана ыңгайлуу кылууга багытталган реалдуу кадам болуп саналат. Эми өлкөнүн коноктору жана жарандары аэропортко келген учурдан тартып учакка отурганга чейинки бардык этаптарда жеке коштоо кызматын пайдалана алышат. Кызматтарга: каттоо процессинде жардам көрсөтүү, формалдуулуктарды тездетип өткөрүү жана ар бир жүргүнчүгө индивидуалдуу мамиле кылуу кирет.

“Премиум Пасс Кейджи” компаниясынын негиздөөчүсү Ким Ын Су мырза болуп саналат. Компаниянын Кыргызстандагы кызыкчылыктарына директор Элиза Аскарбекова өкүлчүлүк кылат. Ал эми “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун атынан келишимге коммерциялык директор Аман Мамаев кол койду.

Макулдашуунун катышуучулары белгилегендей негизги максат - “Манас” аэропортундагы кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү жүргүнчүлөрдүн жана чет өлкөлүк коноктордун күткөн талаптарына жооп бере турган ыңгайлуу жана заманбап деңгээлге жеткирүү. Бул туристтердин жана иш сапарга келүүчүлөрдүн агымы өсүп жаткан шартта өзгөчө маанилүү.

Жыйынтыгында жүргүнчүлөр формалдуулуктарга азыраак убакыт коротуп, сапардын өзүнө көбүрөөк көңүл бура алышат. “Манас” аэропорту болсо эл аралык деңгээлде мындан дагы ыңгайлуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү болот.

Последние новости