www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда, «Манас» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр жана кызматкерлер имараттан эвакуация кылынды.

Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жүргүнчүлөргө шилтеме берүү менен билдирди, ал эми маалыматты «Кыргызстандын эл аралык аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы да тастыктады.

Компаниянын маалыматына караганда, саат 11:15 чамасында аэропортко жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган билдирүү келип түшкөн. Ошол замат эл аралык коопсуздук протоколдоруна ылайык эвакуация иштери башталган.

Эвакуация бир саатка созулуп, андан кийин аяктаган. Расмий өкүлдөрдүн билдирүүсүндө, аэропорттун иши жана каттамдарды каттоо процесси үзгүлтүккө учурабаганы белгиленди.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости