www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ооганстандагы кыргыздар биз үчүн ооган жактан келүүчү коркунучтарга чеп болмок», - деди бүгүн, 26-июлда NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Манас Осмон.

- Манас мырза, айрым университеттер бириктирилип, беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилмей болуптур. Сандан сапатка өтүү маселесиндеги жогору жактын мындай аракети туура элеби?

- Акыркы жылдары Жогорку Окуу жайлардын саны козу карындай көбөйдү. Бизде билим берүү үлкөн бизнеске айланып калды. Мындан улам сандан сапатка өткөнү, Университеттердин бириктирилиши билим берүүдөгү алгачкы реформалар десек болот.

- Жаңы окуу жылын утурлай 20-30 жылдан бери башкарып, мектепти менчигине айландырып алган директорлор кызматынан кетет экен. Ушул багытта чыккан президенттин Жарлыгы жакшы жаңылыкпы?

- Жарлык - билим берүү тармагындагы реформанын жаңы кадамы болот. Бул биринчи этабы катары мектептердеги баш аламандыкты жөнгө салат. Билим берүүнүн сапатын жогорулатат. Мектептерде баш аламандык дегеним, айрым директорлор 20 жылдан бери отуруп, өзү билген системасын түзүп алышкан. Менимче, реформанын экинчи этабы катары балдар бакчалардын жетекчилери жана ректорлор болушу керек. Ал жакта да, кудум мектептегидей абал жана алар да, 20 жылдап отурушат.

- Баса, 2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргызды (400 үй-бүлө) Ооганстандан алып келүү пландалып жатыптып. Бул туура кадамбы же чекиликпи?

- Менимче, туура кадам эмес. Ооганстандагы кыргыздар биз үчүн ооган жактан келүүчү коркунучтарга чеп болмок. Жөн эле жардам жеткизип, мектеп, бала бакча жана медпункт салып, ар жылы билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтери убактылуу иштөөгө кадр жөнөтүп турса болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости