www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы согуштан эң көп пайда көргөн өлкө Түркия болду. Мындай пикирин Манас Осмон өзүнүн  Facebook баракчасына жазды.

"Украинадагы согуштан эң көп пайда көргөн өлкө Түркия болду. Туристтик аймактарында жатаарга жай жок деп жатышат. Украинанын байларын, жана ишкерлерин кабыл алып, бизнесин курганга жол ачышты. Мен билгенден, согуш ортолоп баратканда Украинага 40 даана Байрактар ТБ-2 жөнөттү.

"Тажикстан менен аскердик кызматташууга кол коюп, Байрактар сатты" - деп биздин эл болсо, түке туугандарга капа. 

Бир бирин жеген глобалдашкан ааламда сага сенден башка дос да, тууган да жок. 

Түркия жалаң душман өлкөлөрдүн арасында жашап, өз киндигин өзү кесип үйрөнгөн эл. НАТО менен Г-20 уюшмасындагы лидерлердин бири. Мусулман коомчулугуна башчылык кылуу, түрк тилдүү өлкөлөрдү таасирине алуу сыяктуу кыялдары бар. 

Айбалтасы колунда болсо да, эзелки дост алардан артык. Саясий, экономикалык абалыбыз биз каалап, каалабасак да, ушундай. 

Түрк тилдүү мамлекеттердин тууганчылык даңазасы аябай күчтүү болгону менен аскердик жана экономикалык алакасы начар. Андыктан, зыяны тийген тууган менен сый мамиледе болгон жакшы. 

Бизде ыштаны жыртыктар көп экен. Бүгүн эле Европага чуркап баралы же, Орусия менен колду үзө салалы дешет. Балким, 100 жылдан кийин мүмкүндүр. 100 жылга чейин тагдырыбызга буйрулган жалгыз таянычыбыз: Дипломатия!", - деп жазган ал.

Эске салсак,  Орусия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.

РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, 25-мартта негизги тапшырманын биринчи этабын аткаргандыгын, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн азайткандыгын билдирген. Алар башкы максат Донбассты бошотуу экендигин айтышкан эле.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости