www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында жаңжал салган чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Окуянын видеосу 12-июлда интернетте тараган.
Аталган факты Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодо чагылдырылган чет элдик үч жаран аныкталып, алардын өздүгү, Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу жана окуянын бардык жагдайлары такталган.
Топтолгон материалдардын негизинде чет элдик үч жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүп, Манас шаардык сотунун чечими менен камакка алынды.