www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, мэрдин орун басарлары жана тиешелүү мекеме жетекчилери Көк-Арт аймагындагы Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан жаңы автобекетке барып, жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Жаңы автобекеттин техникалык ачылышы 17-августта өткөрүлүп, ушул күндөн тартып каттамдарды жаңы жерден уюштуруу пландалууда.

Аянты 2 гектар 20 сотыхты түзгөн жаңы автобекет заманбап талаптарга ылайык курулуп, жүргүнчүлөр үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Бул жерден шаардан сырткары жана шаар аралык 53 багыт боюнча күнүнө 450–453 рейс аткарылат.

Ал эми азыркы эски автобекеттин ордуна 750 орундуу заманбап мектеп куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Последние новости