www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кече "Манас" эпосунун күнүнө, ошондой эле манасчылар Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгы жана Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат.

Бишкекте бүгүн, 3-декабрда, "Манас" айтат бакылдатып балдары, "Манас" уксун Ала-Тоо бүт аймагы" аттуу "Манас" айтуу кечеси өтөт. Бул тууралуу "Көйкашка" коомдук фонду билдирди.

Иш-чара ордо калаадагы соода борборунун биринде саат 18:00дө башталат.

"Кече 4-декабрь "Манас" эпосунун күнүнө, ошондой эле КРдин Эмгек сиңирген артисти, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат", — деп жазылган маалыматта.

Уюштуруучулар кошумчалагандай, иш-чарада китеп жана сүрөт көргөзмөлөр уюштурулуп, кызыктуу оюндар жана суроо-жооптор болот. Ошондой эле төкмө акындар ырын ырдап, "Акак" комузчулар ансамбли комузда кол ойнотмокчу.

Назаркул Сейдракманов учурда "Манас-мурас" коомдук фондунда устаттык кылат. 2010-жылы Даңк медалы менен сыйланган. Сейдракманов 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык салтанатына арналып өткөрүлгөн манасчылардын эл аралык сынагында баш байгеге ээ болгон.

Талантаалы Бакчиев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору. 2014-жылы Эл аралык манас таануучулар ассоциациясынын президенти болуп шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости