www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Коркутуунун аягы мамлекеттен чыгууга аргасыз кылды", - деди бүгүн, 5-майда NazarNews маалымат агенттигине манасчы Дөөлөт Сыдыков.
- Дөөлөт саламатсыңбы, Кыргызстандан чыгып кетүүңүзгө эмне себеп болду?
- Жумушту өткөрүп бердим, башынан эле Нургалы Асаналиев, Марат Турсунбековтор аралашып башташты эле, чатакка айланды. Азыркы бийликтин абалы, жүзү ушул турбайбы, Манаска ушундай мамиле кылып жатышса, мен эмне кыла алам, айла жок кетүүгө туура келди.
- Коркутуулар болду дейт. Канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Башынан эле, тоготпой коркутуп өз билемдиктерин кылып антип коёбуз, минтип коёбуз деп келишкен. Аягы кетүүгө туура келди.
Эске сала кетсек, буга чейин “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып, аталган комплекстин директору, залкар манасчы Дөөлөт Сыдыков чукул кайрылуу жасаган. Андан көп өтпөй, залкар манасчыны басып алып жаткан топ кысымга алып, коркутуп жатканы белгилүү болгон.
Ошол эле күнү президенттин маалымат кызматы комплекстин жер тилкеси президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык экенин билдирип, ал жайгашкан жердин беш сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатканын айткан. Бирок, 5 сотых эмес, андан көп жерди алып жатышканын Сыдыков билдирген.
Көп өтпөй мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасы жайгашкан жерде салына турчу Ак үй тууралуу үн каткан.
Булак: NazarNews.kg