www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-декабрь эл аралык «Манас» эпосунун күнү, бул күнү Бакуда ЮНЕСКОнун жыйыны өтүп Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги баалуулуктар мурасына кошулган.»Манас» эпосуна асылгандар түбү оңбой калчу эле.

 

“Манас” эпосу

“Манас” эпосуна асылгандар түбү оңбой калчу эле. 90 жыл мурун «Манас» эпосунан кынтык таап, аны колдогон көп кыргыз патриоттору Тыныстановдорду, 70 жыл мурун Байжиев, Бектенов, Саманчиндерди каматып, акыры алар туура бааларын алган,Самаков да «Манас» эпосун дүйнөлүк деңгээлге алып келген. 2013-жылы 4-декабрда Баку шаарында болгон ЮНЕСКОнун жыйыны Карганбек Самаков менен “Манас” үчүн күрөшкөн кыргыз делегациясынын ишин колдоп “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОнун тарыхий баалуулуктарга кошкон.Ал эми бул майрам 2015-жылы Өкмөттүн токтому менен официалдуу майрам күнү катары бекитилген. Башкы максаты - "Манас" эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада "Манас таанууну" өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо. “Манас” – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу, дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма - 500 миң 553 ыр сабынан турат. Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралган. Алар: "Манас", "Семетей" жана "Сейтек"

Кыргыз тил илимин негиздөөчүлөрдүн бири, түрколог, "Манасты" изилдөөчү, коомдук ишмер,Кыргыз Илимдер академиясынын академиги, филология илиминин доктору, профессор, Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин элге билим берүү министри, Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, Илимдер академиясынын "Манас" секторунда улук илимий кызматкер- Болот Мураталиевич Юнусалиев Манас эпосун, изилдеп-даңазалоодо бир топ эмгек кылган. Бүгүн Юнусалиевдин кичинекей айылдаштары, мугалимдер жамааты иш-чараны мыкты деңгээлде

 

 Карганбек Самаков жана ЮНЕСКО

2010-жылы парламенттик шайлоодо Теңир-Тоо аймагы “Ата-Мекен” партиясынын башкы таяна турган ордосуна айланган. “Ата-Журт” партиясына Жалал-Абаддан Ташиев 48 миң, Ош облусунан Акматбек Келдибеков 120 миң добуш чогултушуп биринчи орунду алса, Теңир-Тоолуктардын колдоосу менен “Ата-Мекен” партиясы да ЖКга келишкен. Карганбек Самаков парламенттин депутаты катары комитет жетекчилик милдетти аткарат, ошону менен бирге кыргыздын тарыхий баалуулуктарын ЮНЕСКОдон каттатканга аракет кылат.

Карганбек Самаковду ойлосок, албетте ЮНЕСКОнун элеси жарк дей түшөт. Карганбек Самаков алгач кыргыздын ала кийиз, шырдагын ЮНЕСКОдон өткөзгөн. Ал Бакиевдин заманында Кытай мамлекети баалуу мурас катары өткөзүп алган «Манас» эпосунун үчилтигин Парижден баалуулуктар мурасына өткөзүү үчүн, ал жердеги негрлерге чучук жедирип, көптөгөн акча каражаттарын сарптап «Манас» үчилтигин кыргызга алып келген. 2013-жылы 4-декабрда өз каражаты менен канчалаган манасчыларды, журналисттерди Баку шаарына алып барып келди. Ушул тарыхий окуяга катышуу мүмкүнчүлүгү болгонун жашырбай кетейин, мен бир тууганым белгилүү акын Шербет Келдибекованы акыркы сапарга узатып Баку шаарына барбай калгам. Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги Кыргызстанга кайтып келди, 4-декабрь бүткүл дүйнөлүк «Манас» эпосу күнү катары дүйнөгө таанылды. Ал кездеги Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев зор кубаныч менен Карганбек Самаков башында турган делегацияны кабыл алып, бул күн бүткүл элдик майрамга айланган. Көпчүлүктүн оюу ушул эмгеги үчүн жок дегенде  «Манас» ордени менен бийлик тарабынан сыйланышын күтүп калган. Көрсө, бийликтеги кээ бир «котур ташын койнуна каткандар» ичи тарып, Самаковго билгизбей ор казып жаткан экен. Ал эми кадимки эле кыргыздын боз үйүн Кытай мамлекети казактар менен биригип өздөрүнө каттатып аларда Карганбек Самаков киришип, кыргыз эли үчүн төшүн тосуп берип жатканы да чоң иш болгон. Бул жерде элибиздин белгилүү уулу Чыныбай Турсунбековдун эмгегин да айта кетишибиз керек. Эмне үчүн баалуулуктар мурасына өткөзүп жатат? Анткени, азыркы туристтер кайсы мамлекетке барарын, эмне баалуулуктар мурасы бар экенин аныктап алышат экен. Карганбек Самаков келечекте туристтер Кыргызстанга агылыш үчүн, негрлерге чучук сугунтуп, кыргызга тиешелүү мурастарды кыргызга каттатып жатат.

Биздин мамлекетте бөйрөк оорусунан катуу жапа чегип, гемодиализ аппаратына муктаж болгондордун саны арбып баратат. Кан тазалай турган гемодиализ аппараты арзан баада сатып келе койчу аппараттардан эмес. Карганбек мырза да өткөндө бир келгенде: “Бул кымбат баалуу аппараттан онду чечип бериңиздер” деген экен. Жогорку сапаттуу, кымбат баалуу мындай аппаратты дүйнөгө атагы чыккан япондук “Токушюкай Медикал Корпорейшн” корпорациясы берген. Аны ушул корпорациянын президенти Торао Токуда кабыл алып, бул аппаратты чечип берген. Кыргызстандык төрт медицина кызматкери Японияга барып, ушул аппаратты иштеткенди окуп-үйрөнүп, гемодиализ аппаратын алып келишти. Муну менен Карганбек Самаков бөйрөк оорусу менен ооругандардын алкышына татыктуу болгон. Карганбек Самаковдун демилгеси менен Бишкекте Япон медициналык борбору курула турган болуп чечилген. Карганбек мырза санжыраны сүрүштүрүп отуруп кыргыз менен япондун туугандыгын тактап чыккан соң, япон туугандар кезекте турган көп өлкөлөр бар экенине карабай “безочрет” куруп бермей болгона. Кийин вице-премьер Камила Талиева менен барганда Торао Торуда тууган менен бул маселелер талкууланылып, макулдашылган, буга чейин бул маселени “Кыргызстан-Кагошима” уюму да бышыктап, эл депутатын колдоп беришкен. Япондун медициналык борбору жаңы типте, модернизацияланган, эң алдыңкы технологиядагы медициналык борбор болоруна шек жок. Карганбек Самаков Японияга барган соң өз кесиптештерин да унуткан жок.

Ушул эле ЮНЕСКОдон Чүйдүн байыркы шаарларын баалуулуктар мурасына ѳткөзүп келгени да эл үчүн кылгандары. Катардын шейхи отурган жерде Кыргызстандын Суяб, Баласагын, Невакет тарыхый шаар калдыктарын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизген. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган делегация барган. Чүй өрөөнүндө орто кылымдарга таандык шаар калдыктары бар. Мындан ондогон кылымдар мурун гүлдөп өнүгүү доорун баштан кечирген Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун боюндагы батыштан чыгышка, чыгыштан батышка каттаган кербендерди тосуп-узатып турган негизги шаарлардан болгон. Мына ушул шаар калдыктары жөн гана тарыхый эстелик болбостон, кыргыз элине таандык белгисиз болуп келген тарыхый маалыматтарды да өз кучагына камтып жатканында шек жок. Аталган шаар калдыктары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине катталып калды, эми ага байланышкан тарыхый маалыматтарды изилдөөгө да ыңгайлуу шарт-жагдайлар түзүлдү. Самаковдун демилгеси менен ушул тарыхый шаарлар ЮНЕСКОнун каттоосуна кирип, ал туурасындагы маалымат бүткүл дүйнөгө тарап, Кыргызстанга келе турган туристтердин кызыгуусун арттыра баштады. Ошону менен бирге эле кыргыз мамлекети, анын кылымдарды камтыган тарыхы дүйнөгө таанылат.Бул жагынан караганда да Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун тутумундагы байыркы шаарлар катары атагы алыска угулуп, жаңы заман шартына ылайык кыргыз элине кызмат кыла баштады. Дал ушул жагдайларды эске алганда, Карганбек Самаков баштап бараткан бул иштин мааниси зор болгон.

Башкысы аны эч нерсе жасаган жок деп сындагандар көп. Алар үчүн, албетте, анын жардамын жазып отурсак толтура. Элдин келечеги үчүн өз жүрөгүн дзотко тосуп, Кытай сыяктуу зор мамлекеттер менен талашып, элге кызмат кылды. Кыргыздын улуттук оюндарын кыргыз элине кайтарып алуу үчүн, Самаков жанталаша баштаганда анын аркасынан көрө албастардын суук тумшугу көрүнө баштады. Бул иштеринин жыйындысы анын кадыр-баркын ого бетер көтөрүп, ичи тарлардын «жемине» айлантты. Көкүрөгү көрлөр көрө албастыктын айынан Карганбек Самаковду ушак, жалаа менен айыпташып 10 жылды моюнуна илип салышты. Муну билген эми кайсы кыргыздын чыгаан жигити батынып эл үчүн кызмат кылат?

Ушул ырды Кытайдан Манасты кайырып келип, ааламга боз үй, ала кийиз менен шырдакты тааныткан, кыргыздын патриоту, бирок ага тагылган жалаалардан улам акыйкаттуулукту күтүп жүргөн Карганбек Самаковго арналат.

 

Кутурган бийлик эптеди,

Уурдады далай сейфтерди.

Кувейтте Какем жүрчү эле,

Кучактап алып шейхтерди.

 

Бийликке бары жагынды,

Малкана кылып Нарынды.

Жетимге, Ак-Сай, Арпага,

Кытайдын изи салынды.

 

Намысты колго алган бек,

Көппөгүн бийлик жалган деп,

Бийликке кошуп кытайды,

Кубалап чыккан Карганбек.

 

Энчилеп алып Манасты,

Кытайлар бизден талашты.

Кайырып келди Карганбек,

Калкына эми жарашты.

 

Кыргыздар жүрөт ырдап көп,

Ала кийиз, шырдак деп.

Биздики дешип коңшулар,

Талашып жүрөт чырдап көп.

 

Чыгарып өзү акчаны,

Париждин жолун таптады.

Кыргызга таандык болот деп,

ЮНЕСКО жактан тактады.

 

Карганбек барын жайгарды,

Кытайдын колун майтарды.

Кыргыздын эле боз үйүн,

Кыргызга кайра кайтарды.

 

Кымыздан кере ууртаган,

Бийликте кызганч бук калган!

Намысы үчүн кыргыздын,

Парижге жөө чуркаган.

 

Энчисин элдин сактабай,

ЮНЕСКО жактан тактабай.

Кылмышты илген бир бийлик,

Карганбек.С.ны барктабай.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости