www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Чыныбай Акунович, Бишкек арак заводунун мыйзамсыз менчиктештирилгендиги боюнча ызы-чуу эмне менен бүттү?

-Билбейм. Текшерип атышса керек.

- Сиз эчтеке билбейсизби?

 - Мага тийешеси жок болсо, эмнени билмек элем?

- ЖМКларда сизге байланыштырып атышпайбы.

- Эми ЖМКларга, активисттерге башкалар кызыктуу эмес да. Бизге окшогондор кызыктуу.

- Бул журналисттердин эле чыгарганы дейсизби?

- Эми алардын аркасында бирөөлөр турса керек. Айталбайм, ким турганын.

- Өзүңүзчө ойлонуп көрдүңүзбү, бул эмнеге байланыштуу?

- Ойлонуп эле атам. Бирок, колдон кармап алган факт жок. Бирок, бул чуру-чуунун артында бирөө турганы байкалып эле турат. Бул бир эле эмес, бир нече жолу текшерилген иш. Күч органдары тарабынан да, оппозиция тарабынан да. Ошого карабай чуру-чуу кылып аткандарына караганда, бута-менмин.

- Мурдагы президентин командасында болгонуңуз үчүн эмеспи?

- Мен эч бир командада эмесмин. Ха-ха-ха. Мен эркин гражданинмин... 

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости