www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир тыйын бербей депутат болгон 12 адамдын бирөөсү да “Текебаев андай эмес” деп айтып койгонго жарабады.

Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясыгын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаев “Марал” радиосунун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Шайлоочулар саясатчылар менен партиялардан тажаган. Алар үчүн айырмасы жок, эгерде айырмасы болсо, акчаны алып, бирок өзү жактырган партияга добуш бермек. Анан тизмени карап, “Жок дегенде абийирим менен дос болоюн” деп ошол акча алган партиясына добуш берип коюп жатышат. Муну менен алар тесекри болсо да өздөрүнүн принципиалдуулугун көргөзүп жатышат. Учурдан пайдаланып партиялардын шайлоого карата акча жыйноосу боюнча айта кетейин, түрмөдө жатканда да ушуну көп эстедим. 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңешке 18 адам депутат болуп келди. Албетте, жашыруун эмес, шайлоо кампаниясына талапкерлер акча жыйнайт. Ошол 18 депутаттын алтоосу гана шайлоо фондуна акча кошушкан. Калган 12си фондго бир тыйын кошпой парламентке келишти. Анткени алар жаштар, аялдар, жумушу жок, тагыраагы, акча кошконго мүмкүнчүлүктөрү жоктор болчу. Анан мына, канча жылдан бери көптөр “Текебаев мандат сатат” деп айтып, жазып келишет. Бирок, ошол 12 депутаттын бирөөсү да чыгып: “Жок, мен 23 жашымда депутат болдум. Ушундай, тыйыны жок депутат кылчу “Ата Мекен” деген партия бар экен. Тескерисинче, партия мага чай алып берчү. Текебаев андай адам эмес” айтканга жараган жок, - деп партиялаштарына болгон нааразычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости