www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отуз жылдан бери ойпоң-тойпоң ойноп жатып, эгемендүүлүктү алганыбызды эстен чыгарып, чек ара маселесине чалагайым көз салдык. СССРден бөлүнүп Кыргыз мамлекети болгон соң эң башкы маселе чек ара маселеси болмок. Чек арасы жок мамлекет болобу? Кыргыздарды талаштырган гимн, герб, Башмыйзам,борбор сыяктуу мамлекеттик атрибуттар керектир. Бирок аларсыз деле жашоого болот Башмыйзамдын ордуна салт, үрп-адат бар, Кызыл туунун ордуна көк асаба бар дегендей. Чек ара жок, мамлекет да жок да. Ушул маселени туура түшүнгөн Камчыбек Ташиевдин патриоттук сезимдери ойгонуп чек ара маселесин чечип жатканы бул кубанарлык иш.

Тажикстан

Кыргыз эли үч миң жыл мурун Кытайдын летописине жазылып калганын тарыхчылар таап чыкты. Кыргыздар менен кошуна эки суунун ортосу Мавеннахрда байыртан эл жашап келе жатат. Мындан туура 2300 жыл мурун Искандер Кош мүйүз көз жумат. Ал көз жумарына аз калганда биздин заманга чейин 329–жылы азыркы Өзбекстан менен Тажикстандын аймагына басып кирип, үч жылда толугу менен ээлейт. Арсланбабга чейин жетип, жаңгактарын алып кетип грек жаңгагы деген ат алат. Ошол бойдон Индияга өтүп кетет. Бирок гректерин, басып алып кул кылып алган перстерин ушул чөлкөмгө таштап кетет. Арабдар халифат уюштурганда Кытай менен Таласта тирешип, экөө эки жакка качып жок болушкан. Бирок, Мавеннахрда арабдар кала берген. Чыңгызхандан кылычына Самаркан, Бухара, Нукус сыяктуу көптөгөн шаарлар дуушар болгон. Бул аймакта жашаган түрк тилдүү уруулар булар менен аралашат.Ушул курама элдер миңдеген жылдар Орто Азиянын чордонунда жашап келген. Фарсы тилинде сүйлөшкөн бул курама элди тажиктер дешкен, ал эми 1380-жылдары Дешти-Кыпчактан Өзбек хан басып кирип ээлеген жер түрктөшкөн. Бул жерлерде Бухара, Кокон, Хива хандыктары өкүм сүрүп турган. Улуттук республикалар түзүлгөндө түрк тилинде сүйлөгөндөргө өзбек, фарсы тилинде сүйлөгөндөргө тажик деген ат берилет. Чек аралар болсо кыргыздар менен да чечилбеген бойдон кала берген. Кыргыздарда да талаш маселе бар, бирок ушул маселени Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чечти. Ал эми Хомрохон Зарифи сыяктуу аксакалдар эки элдин чек арасын тынч чечип берүүнүн ордуна, кимдир бирөөлөрдүн шилтөөсү боюнча ар кандай булганыч ой –жорууларга барып жатат. “Манаста” жазылган анын беш аялынын башкысы Санрабига тажик деп. Ошондуктан, кан менен нике курган деп Каныкей аталган. Албетте, Манас фарсы кызын алганы чындык болсо керек. Эгерде Манаска таянсак түпкү кыргыз жери Жерге-Тал, Мургаб, дээрлик Тоолуу-Бадахшан кыргыз жерлери болуп жатпайбы. Союз убагында бул жерлерде жалаң кыргыздар жашаган, тажиктер Сталинабадды борбор кылып республика түзүп алсын деп Сталин Тажикстанга каратып койгон. Азыр бул жерди фарсыча “Лахш” деп өзгөртүшүп, тажиктештире баштады. Канчалаган жер тажиктердин колунда калды, ошого карабай таза кыргыз жери Ворухту чечип, чеке ара маселсин бүтүрбөй чыр-чатак уланып келатат. Кыргыз мамлекети эгемен алгандан бери 30 жыл өттү. Өткөн 30 жыл ичинде түштүк чек ара маселелери чечилбей келген. Көптөгөн жерлерибиз талашка айланып, ал жерлер үчүн канчалаган жарандарыбыз кыйналышты, окко учуп оо дүйнө менен коштошкондор болду, жарадар болгондор андан көп болду. Ал эмес чек араны бузуп кирип үйүнүн алдынан атып кетип жатты. Ошентип, чек арага чектешкен түштүк айылдарынын жашоочулары кыйналышып, катар-катар арыздар менен, кайрылууларды кылып жатса да мурунку бийликтегилердин бири да чечкиндүү кадамдарга барган эмес, ал эмес аракет кылышкан жок, кылышса да жоопкерчиликти алуудан качышкан. Көптөн күткөн эл үмүтү акталып, эл башына мекенчил инсандар келди, чек араны жана УКМКнын тизгинин Камчыбек Ташиев колуна алган. Тонолгон, кордолгон,тешилип калган бечара Кыргызстандын чек ара маселесин чечүү талаш маселе...

Кытай

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алган соң кошуна Кытай менен чек ара маселеси чечилген. Кытайга махабатын арнаган бийлик 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен. 877,12 кв-км жер, 87 миң 712 гектар жер соолуктап ыйлап Кытайга кете берген. Дүйнөдө 65 чакан мамлекеттин ичинде бул аянт 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аятынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438 тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле. Ал эми Люксембургдун үчтөн бири батмак анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км.

Казакстан

2001-жылдын 15-декабрындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Кара-Буура районунун Көк-Сай аймагы, Маймак карьерасы, Токмоктун чеке белиндеги Бишкек-Торугарт трассасындагы Ысык-Ата районунун 12 гектарлуу Дружба аймагы, Каркыра жайлоосунун 500 гектар жайытын казакка берүү жөнүндө сөз болгон. Балким бул ошол кезде Нурсултан Назарбаевдин кызын уулуна алып берген Акаевдин калыңы чыгар. Мындай жерди беришке калк нааразы болуп чыккан. Бирок, 2008-жылдын апрелинде ратификацияланып Кара-Бууранын Маймагы менен Көк-Сайын. Каркырада 500 гектар жер, Токмокто 12 гектар жер Казакстанга берилип, Казакстан менен чек ара маселеси чечилген.

Өзбекстан

Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилгенин Камчыбек Ташиев айтты. Бул маселелерди чечүүдө өтө оор маселелер каралды. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен, суу сактагыч биз тарапта эле калды. Бул суу сактагычтагы суунун 95% өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы 800 гектардын тегерегинде. Анын 200 гектарын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген. Азыр күндө 600 гектарга жетпеген жер калган. Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болгон жерлер, Көк-Серек айылы, 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды жана Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге жазылды. Бул жерди биз кайра кайтарып алдык. Бул участоктор Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү. Гавасай деген участок бар. Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде. Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргызстанга өттү. Бул жерде 5-6 кыргыз айылдары жана жайлоолору бар. Мурда бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон жер. "Шахрихансай" плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык.

Кемпирабад суу сактагычы 5735 гектар. Эми ошодон 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү. 4400 гектар жер суунун үстүндө калды. Өзбек тарап бизге буга чейин 1973-жылы 4100 гектар жерди компенсация катары берген. Демек, 300 гектар жер дагы компенсация катары бериши керек эле. Бирок 300 гектар жердин ордуна компенсация катары биз миң гектар жерди алдык, булар Өзгөн, Сузак районунун жерлери. Эгерде мурда суу сактагыч толуп, жээктеги үйлөргө суулар тээп, маселе жаралып жаткан болсо азыр андай болбойт. Сууну кыргызстандыктар толук пайдалана алат. Алар өз тарабынан мурдагыдай тосуп, кайтарбайт.

Сохто эч кандай коридор жок. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 1-апрелден тарта Сох анлавында Кайтпаc, Риштан, Өтүкчү посттору ачылат. Посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил автоунаалар өтө алат.

Кыргызстан үчүн ушунча эмгек кылган Ташиевге өзбек эли суктанып "Ташиев бир келип 8,5 га жерибизди алса, 3-4 жолу келсе эмне кылабыз" деп отурушат. Ташиевдин айтымында, эки күн талаш-тартыштан кийин 8 миң гектар жер кыргыз тарапка жазылды. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы баш болгон бир нече сууларды эки өлкө биргеликте иштетишет. Мындай маалыматтар коомчулукта ар кандай кайчы пикирлерди пайда кылууда. Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары Ташиевдин чыгарган чечимдери тарыхый ката болгонун жазышса, кээ бирлери негизгиси жер алмашуу болсо да маселе чечилгенин, бул эң маанилүү чечим болгонун жазышууда. Мындай карама-каршы пикирлер камтылган талкуулар азыр да басаңдай элек. Буга байланыштуу чек ара маселелери жөнүндөгү маалыматтарды коңшу Өзбекстандын интернет коомчулугу кандай кабыл алып жаткандыгына сарасеп салып көрүүнү чечтик. Кыргыз интернет коомчулугу сыяктуу эле Өзбекстанда да чек ара тууралуу кабарлар ар кандай талаш-тартышты жаратып, көпчүлүк нааразычылыгын билдирүүдө. Белгилей кетчү жагдай, өзбек бийлиги чек ара маселелерине байланышкан эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу расмий маалымат тараткан эмес. Жергиликтүү басылмалар Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынын кыргыз ЖМКларына шилтеме берүү менен чагылдырышууда. Жамшид Достов аттуу интернет колдонуучусу өзбек бийлигинен расмий, ачык маалымат берүүнү талап кылып, андай болбосо келечекте чоң келишпөөчүлүк болушу мүмкүн экенин жазган. "Биздин бийлик да расмий маалымат берсин. Кандай негизде, канча гектар жер коңшуларга берилгенин биз да билүүгө укугубуз бар. Бизге да кыргыз бийлигиндей ачык бийлик керек", - деп жазган ал. Ал эми Платон Чистяков аттуу колдонуучу бир өлкө утуп, бир өлкө утулду деген түшүнүк болбошу керек экендигин белгилеген. "Өзбек ССРинин пахта эгилген көп аянттуу талааларын суу менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз ССРи Ош облусунан 1000 гектар жерди суу сактагыч курууга бөлүп берген. Анын ордуна өзбек тарап башка чектеш аймактан 1000 гектар жер бериши керек эле. 50 жыл өткөндөн кийин ал келишим ишке ашып отурат. Суу сактагычтагы суунун 95 пайызын өзбек дыйкандары колдонушат. Ошондуктан уткан же утулган тарап жок, болгону боордоштук түшүнүшүү, тилектештик менен маселелер чечилип отурат", - деп жазган Чистяков. Жахангир Мурадов: "Жер жүзүнүн 6дан бир бөлүгүнө ээ болгон Орусия да Японияга Курил аралдарынын бир бөлүгүн да бербей койгон. А эмнеге биз 8 миң гектар жерди берип койдук?" Шахрух Кудайбергенов: "Силерге да чечимдер бир гана Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына чечилгендей болуп сезилип жатабы?" Халимжан Хамроалиев: "Ислам Каримов патриот адам болгон экен. Жайы жаннаттан болсун! Анын тушунда чек аралар жабык болуп, бир карыш жерибизди башкаларга алдырган эмес. 5-6 миллион кыргыз эли ынтымактуу, бири-бирин колдоп турушат. Ошондуктан алардын бийлиги элинен коркуп, ачык-айкын маалымат таратып жатышат. 34 миллион калкыбыз бар биздин бийлик андай кылбады. Кыргыздардын президенти Садыр Жапаров "силерден 40 жыл арттабыз" деп биздин бийликти мактап туруп, жердин баарын алып кетти". Умид Бахрамов: "Ошончо жерди бергенден кийин Сох анклавына коридор алса болмок да". Бахтияр Иноятов: "Чечме" булагын бирге пайдалана турган болуптурбу? Жакшы болуптур. Биздин бийлик деле бир нерсени көздөгөн үчүн ушунча жерди берсе керек менин оюмча". Асомиддин Ибрагимов: "Арты кайырлуу болсун". Хурайра Абуталиб: "Бир туугандардын ортосунда "меники" жана "сеники" деген түшүнүк болбошу керек". Фармон Саипов: "Ташиев кыйын адам экен. Анын 1 келгенине 8 миң гектар жер бердик, дагы 3-4 жолу келсе кантебиз?"

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости