www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-мартта Kыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө башталган. Анда алгачкылардан болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөө алып, ийне сайдырган. Ошол эле мезгилде министрдин эмдөө алганына ишенбеген интернет колдонуучулар да болуп, ал унутулуп бараткан. Кечээ, 1-апрелде Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмү бул ишенбестикти кайра күн тартибине алып чыкты.

Анткени, Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун жазган.

Аягы тыйылбаган бул күмөндөргө Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев комментарий берди.

Айтымында, ал эмдөө алгандан корккон эмес жана колдонуучулардын күмөнү негизсиз.

«Мен негизи кесибим боюнча хирургмун. Эмдөө алганымдын жалган эмес экенин балдарым жана нан кармап ант ичем. Эмдөө алганда мен эч нерсе болгон эмесмин. Маалымат каражаттарына көрсөтөм, антитела ноль болчу. Мен эч кимди алдаган да эмесмин, маалымат каражат өкүлдөрүнөн качкан да эмесмин. Эмне болсо, ошону айтып келе жатам.

Эгер корксом же качсам, иш сапардамын деп эле орун басарларымды жөнөтүп коймокмун. Ал эле эмес менин орун басарларым баш болуп 30 медицина кызматкери эмдөө алды. Интернет колдонуучулары ар нерсени жаза берет. Мен эмдөө алып жатканда баардык журналисттер чагылдырып, элге түз көрсөтүлүп жатты», - деди Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости