www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен Кыргызстан чыныгы дос, өнөктөш, бир тууган жана эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу үчүн биргелешип аракеттенишет, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин. Бул тууралуу маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus маалымат агенттиги билдирди.

Мао кыргыз президенти Садыр Жапаровдун акыркы отуз жылдагы кыргыз-кытай алакасындагы жетишкендиктер тууралуу акыркы маегинде айткан сөздөрүн Кытай жогору баалап, элдин жыргалчылыгы үчүн күрөшкөн саясий партияны эл ар дайым колдой турганын айтты.

«Мен президент Жапаровдун маегинде Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы «Бир алкак, бир жол» кызматташтыгы тууралуу айтып, Си Цзиньпин тарабынан сунушталган «Бир алкак, бир жол» демилгесине жогору баа бергенин байкадым.

Кытай-Кыргызстан «Бир алкак, бир жол» кызматташтыгы чоң натыйжаларга жетишти деп айта алам. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» эл аралык автожолу жана «Түндүк-түштүк экинчи автожолу» сыяктуу өз ара байланыш долбоорлору Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп, Кыргызстан элинин бакубаттуулугунун жана бактылуулугунун жолуна айланды», - деди ал.

Мао Кытай президент Жапаровдун кытай-кыргыз мамилелерине берген жогорку баасына толугу менен кошуларын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости