www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде кылмыштуу топторго милиция кызматкерлеринин катышы бар экенин угушса, Кыргызстанга келе турчу чет элдик инвестор чочулайт. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

«Өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуяларды, анын ичинде жакында болгон «Манас» аэропортундагы кылмыштарды сөзсүз түрдө биз көзөмөлгө алып, талкуулайбыз. Аэропорттогу милиция кызматкерлеринин бул кылмышка кандай тиешеси бар, түздөн түз байланышы барбы же аларды пайдаланып кеткенби деген көп суроолор жаралып жатат.

Азыркы тапта тергөө жүрүүдө. Буга чейин укук коргоо органдарынын катышы менен көптөгөн кылмыштар катталган, анын ичинде орган кызматкерлери пара алган учурлар, кылмыштуу топторго катышы аныкталган көп учурлар болгон.

Менин иштегениме жарым жылга жакындап калды, ушул убакыт ичинде абдан көп арыз, кайрылуулар түштү, жарандар даттанып келип жатат. Ошолордун баарын карап чыксак, жалаң эле укук коргоо органдарында эмес, биздин мамлекетте көйгөйлөр көп экен. Айрыкча ИИМге реформа керек экени айдан ачык.

Негизи бул кылмыш инвестициялык абалга таасир этчү өтө чоң окуя болуп калды. Чет элдик инвесторлор Кыргызстанга келердин алдында биздеги кылмыштуулук, жалпы коопсуздук абал боюнча маалымат алат.

Адамдын жеке коопсуздугу, инвестициялык коопсуздук кандай сакталат деген суроону биринчи иликтеп туруп анан келет. Кайсы бир кылмыштын тергөөсү тууралуу майда маалыматты карап отурбайт да. Жалпы имиджге тиешеси бар маалыматты алат.

Эгер кылмыштуу топторго милиция кызматкерлеринин катышы бар экенин угушса, албетте чет элдик инвестор чочулайт да. Бул окуя инвестициялык климатка түздөн-түз терс таасир этет деп ойлойм. Ошондуктан, мунун кандай бүткөнүн, ким кандай жаза алганын коомчулукка жеткиликтүү деңгээлде ачык берүү керек», - деп белгилеген Иманкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости