www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелүүдө

Бүгүн, 14-апрелде УКМК саясат таанучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип кармалганын тастыктады.

Кечээ, 13-апрелде УКМК Кыргызстандын 2 жараны мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалганын билдирген.

«Жазык кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында айрым кыргызстандык жарандардын чыккынчылык кылууга катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынды.

Кылмыш иштин материалдары жашыруун болгондуктан кармалган адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары жөнүндө маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет», - деп айтылат маалыматта.

Казакпаев 1966-жылы 29-январда төрөлгөн. 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.

Кыргыз-Россия славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин саясат таануу кафедрасынын улук окутуучусу, «Полис Азия» аналитикалык борборунун эксперти, Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун эл аралык маселелер бөлүмүнүн улук илимий кызматкери болуп эмгектенген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости