www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Марат Молдонович, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине катыштык. Иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөндүгүнө өзүбүз күбө болдук, эл да аябай көп келди. Баардыгы курсант болуп отурушту. Катуу даярданганыңыздар көрүнүп турат, ушул иш-чара тууралуу учкай кеп кыла кетесизби?
— Залкар жазуучубуздун 90 жылдыгы Кыргызстанда эле эмес, океандын аркы беттеринде да белгиленип атат. Ошого урматтуу президентибиз тарабынан, өкмөт тарабынан алгылыктуу иштер жүрдү. Шекер айылында “Чыңгыз Ордо” маданий комплекси курула баштады. Сооронбай Шарипович премьер кезинде келип кеткен, президент кезинде дагы кайталап келип, тапшырмалар берген. Мухамметкалый Дүйшекеевич аны колго алып, каражат бөлүнгөн. Чоң долбоор түзүлгөн болчу, 5 млн. сомдук. Айтматовдун 90 жылдыгынан 100 жылдыгына чейин ордо толугу менен бүтүш керек. Ошонун негизинде Шекер айылында иштер жүрдү. 68 млн. сом быйылкы жылга бөлүнүп, 62 миллиону Жер Эне, Айтматовдун айкели, кире бериштеги аркаларды, машина токтоочу жайларды куруу, суу түтүктөрун орнотуу боюнча жумуштар жүрүп баштаган.
Мааракени быйыл Манас атанын ордосунда өткөрүүнү туура көрдүк. Чыңгыз атанын кийинки тойлорун Шекерде маданий комплекс бүткөндө өткөрө беребиз да. Өзүңүздөр күбө болдуңуздар, эл аябай көп келди, 15 миңден 20 миңге чейин келишти. Сырттан келген коноктор болду. Шекер айылында маданият үйү бар болчу ремонтко муктаж. Чыңгыз Айтматовдун, Ашым Жакыпбековдун музейи бар. Алар да толугу менен ремонттолду. Төрөкул Айтматов атындагы мектеп бар эле, ал да капиталдык ремонттон өттү. Айылдагы жолго бир чакырым асфальт төшөлдү.
Тойду өткөзөрдүн алдында кадырлуу карыяларыбыз “Мамлекет ордо салып берип атса, тойду биз эле өткөзбөйлүбү” деген сунуш көтөрүштү, биз туура көрдүк. Бир эле Талас эмес, Бишкекте жүргөн таластыктар демилгеге кошулушуп, 6 млн. 9 миң сомдой акча чогулду. 4 млн. 500 сому байгеге сайылды. Айтышка 1 млн., улакка 1 млн. сомдук байгелер болду. Айтматов ордосунда эсеп ачылып, бир да сому текке кетпей ошол жакка түшүп атты. Биздин бухгалтериябыз аркылуу ар райондон комиссия түзүлүп, бүт ачык-айкын болду. Калган акчасына жазуучубуздун китептерин алдык, белектерди уюштурдук. Чоң сахналарды жасадык. Аксакалдардын сөзү бар го “эрдик кылсаң эсе кыл, эсте кала тургандай” деп. Мен ойлойм, элибиз ыраазы эле болду. Канча эл келди, баарына тамак тартылды. Арак ичкен киши болгон жок. Элден “тазалыкты сактайлы” деп сурандым эле, колдоп беришти. Талас эли тикесинен тик туруп, тойду ынтымак менен өткөрүп алдык. Элдин касиети го, күн да ошо күнү мээримин төгүп, жылып берди. Өз атыман, аксакалдардын атынын Талас элине ыраазычылык билдирем.
— Айтматовдун чыгармаларындагы кейипкерлердин бүгүнкү замандын сөзү менен сүйлөгөнү мага өзгөчө таасир калтырды. Мисалы, Орозкул “кары менен балага ыдык көрсөтүп, жазуучунун китебине кирип калганыма өкүнөм” дегендей сүйлөдү. Бул менимче, жаңы табылга болду.
— “Айтматовдун 90 жылдыгына карата 90 иш-чара” деп быйылкы жылдын башында иш баштаганбыз. Ар бир жумада Айтматовдун айкелинин астында мектеп окуучуларынын, башка мекеме-уюмдарынын ортосунда сынактар болуп, укмуш сүрөтчү балдар суурулуп чыкты. Сүрөт галереялары ачылып, каармандар жакшынакай кийимдерди кийишип, көргөн киши Айтматовдун дүйнөсүнө сүңгүп кирип кеткендей болду. Биз 15 күндүн ичинде ушундай дайындыкка жетиштик. Башында бир продюсерлер менен сүйлөшкөнбүз. Алар тойго 15 күн калганда “2 млн. 200 миң сом берсеңер баарын өткөрүп беребиз” деп сценарийлерин көргөзүптүр. Драмтеатрдын деректирине айттым, “ошол сценарий жазып жүргөндөрдөн сиздин эмнеңиз кем, жазасыз” деп. Жазды, жанагы сиз айткан каармандардын сүйлөгөндөрүн. Ошол режиссер айткан экран жана башка сахнанын жарыгы, башка көркөм каражаттарын кошкондо 700 миң сом кетирдик, баардыгы ачык-айкын болду.
— Жетекчилик деген бул бир Кудайдан келген мүмкүнчүлүк экен. Эл үчүн иштегенди эл эч качан унутпай, төбөсүнө көтөрөт тура…
— Ар бир жетекчи келгенде кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Биз ишти тазалыктан баштадык. Урматтуу президентибиз “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген жакшы демилгени көтөрдү. Жергиликтүү фонду бар да бизде. Мен келсем 170 млн. сомдон 43 млн. сом калыптыр. Карап көрсөм, трактор алышыптыр, футбол аянтчаларын сала беришиптир. Акимдерди чогултуп алып, “калган акчаны мен Талас шаарына жумшайм. Келген эл Талас шаарына келишет” дедим. Шаардагы жолдорго карагай мамыларын орнотуп, электр жарыктарын койдук. Базардын чети иреттелди. “Жолдун кенендиги 6 метрден кем болбосун” деп атып, акыры ага жетиштик. Эки жаңы машина алдык, кышында карды күрөп, жайында суу чачып, жол тазалайт. Азыр таманташ (брусчатка) чыгарган жаңы станок сатып берип атам.
— Коррупция аябай тамыр жайып, кенен тараган илдет эмеспи. Жаңы жетекчи катары сиз анын тамырын жулуу багытында кандай иштерди жүргүзүп жатасыз?
— Чынын айтайын, “айына 1 млн. 300 миң сом берип туралы, постко барбай эле койбойсузбу” деп киши салган бажычылар болду. Мен “эмнеге барбайт экенмин, барам. Жолду ашыкча жүк менен таш-талканын чыгардыңар” деп постко барып туруп алдым. Аягында жеңдик. Былтыр “11 млн. сом” деп план коюлган экен, 8 млн. сом салык түшүптүр бюджетке. Быйыл 9 айдын жыйынтыгы менен 24 млн. сом чогултуп койдук. Мурда бул акчалар кайда кетип жүргөнү белгисиз. Таразага койсок, эмдиги жылы ал жерден дагы көбүрөөк салык чогултабыз. Жолго 22 тоннага уруксат берилеби, 22 тонна менен жүрсүн, андан ашырбасын. Кар жаады, ашууда МАИ кызматкерлери, кум чачкан машинелер күндөп-түндөп иштеп жатышат.
Мен кол алдыма иштеген кызматкерлерден, акимдерден бирдеме албай, бирдеме сурабай иштесем, алар да таза иштешет. Милдет жүктөлгөндөн кийин жетекчи таза иштеши керек, ошондо тарыхта калат. Искендер Айдаралиев учурунда кандай иштеген, эл алигүнчө ыраазы болуп айтат. Кудайга шүгүр, үйүм бар, жайым бар. Аялыма да айтам, “кичинекей дүкөнүң бар, өзүңдүн тирилигиңди өзүң кыла бер” дейм. Айлыгым жетет. Анча-мынча досторум бар, жардам берип турушат.
Эртең менен 7 жарымда жумушка келем, башкаларга да “тогузга чейин келгиле, андан кечиккендерди киргизбейм” деп айтам. Саат сегизде костюм-шымдарын кийип жакшынакай болуп, бүт баары жумуш орундарына отуруп калышат.
— Инвестиция тартуу, экономиканы өнүктүрүү жаатындагы иштерге да токтоло кетсеңиз?
— Көп эле инвесторлор келип атат. Өткөндө “нефти иштетүүчү завод салабыз” деп казак, орус инвесторлор келген. Мурда документтери бар экен, бүт жараксыз болуп калыптыр. Ошонун баарына жардам бердик, бир сом сурабай. Кетип баратып “оказывается союзные ребята есть, мы построим это нефтеперегонный завод” дешти. Кудайым буюруп, ал заводдун курулушу башталып калса, дагы жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Корейлер келип атат, “300 гектарга күнөскана салабыз” деп.
Урматтуу президентибизге ырахмат, “аймактарды өнүктүрөлү” деп жатканына. Ушунун аркасынан 51 чакан ишкана бүткөргөнү жатабыз жаңы жылга чейин. 284 миң көчөт, 150 гектар жерге алма бак тиктик быйыл. Искендер Айдаралиев “биоорганиканы өндүрөлү” деп демилге көтөрдү, мен колдоп бердим. Экологиялык таза азык-түлүк болсо, логистикалык борборлор болсо, ар кандай кардар келип алат, кымбат өтөт. Асылдуулукту көтөрүүнүн үстүндө иштеп атабыз. Алты-жети семинар өткөрдүк. Азыр оссимиляция жакшы жасала баштады. Бизге логистикалык эт комбинаты керек, жер бөлүнгөн, долбоору бүтүп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунунан акча алып, Кара-Буурага салып койсок, Талас гана эмес, тиягы Казакстандан бери малдарын алып келип өткөрөт. Азыр Ташкентке кетчү жол салууну пландап жатабыз. Аманбаевден кеткен жолго 400 метрлик тоннель салынса эле Ташкент жапжакын болуп калат. Биздин продукцияларыбызды бүт ошол жакка алпарып сатсак болот. Талас өткөргүч база болуп калат. Темир жолду иштетишибиз керек. Айтор, пландар көп.
Нуржанов айыл өкмөтүнө бир БСР (суткалык жөнгө салуу бассейни) жасап бергем ишкер болуп жүргөндө. Ошондо менин өзүмдүн техникаларым иштеген. Губернатор болуп дайындалгандан кийин суу, жол боюнча жетекчилерди алып алып, айылдарды бүт кыдырып чыктым. Өкмөттүн баасы менен БСРлерге 2,5-3,5 млн. сомго чейин акча кетет. 250 миң сом табасыңбы? Табам. Техникаларды чыгарасыңбы? Чыгарам. Ошентип отуруп, 13 БСРди тазалап салдык. Мамлекетке 30 млн. сомдой каражатты үнөмдөп бердик. Ошентип, быйыл жазында суу аябай кенен болбодубу. Өзгөчө өйдө жактагы БСРлерди жасап бердик эле, төмөн жактыгыларга суу кенен болду. Күндүз топтоп алат, түндө суу тиякка кетип атты. Эмки жылы дагы он-он бешин тазалап койсок, суудан көйгөй болбойт. Кайрак жерлер да сугарыла баштайт. Баары болуп 72 БСР бар экен. Ошонун баары союз мезгилинде жасалган.
— Шаардын инфраструктарасын жакшыртуу боюнча кандай пландарыңыз бар?
— Мен Таластын өнүккөнүн көргүм келет. Акаевдин учурунда Келсинбектер алып койгон жерлер бар эле. Биз ошол жерлерди кайра алып, көп кабаттуу, элиталык үйлөрдү салдырабыз. Акчасы барлар сатып алышат. Алты-жети там салынгандан кийин эле бум башталат. Эски филармония турат, түрктөр салып берүүнү убадалашкан. Бирок, али толугу менен келишип, кол коюшкан жокпуз. Бирок, аэропорттун жанына беш гектар парк салып бермей болушту. Өткөндө Жогорку соттун жаңы дайындалган төрайымы келип, “бул имарат сотторго керек” дейт. Экөөбүз отуруп сүйлөшуп, “макул, мен сиздерге берейин, акчаңар барбы, бүтүрө аласыңарбы?” десем, “бүтүрө алабыз” дейт. Соттордун баарын ошол жакка киргизели да, алар ээлеген имараттарды мэрияга өткөрүп, балдар бакчасы кылалы. Булардын имараттары аябай жакшы, алар мэрияга өтсө алты-жети бала бакча болот. Түрктөр салабы-салбайбы, азырынча белгисиз. Эгер алар салса, мэрия сыяктуу мамлекеттик органдардын баарын ошол жерге көчүрүүнү ойлогонбуз. Азыр байкасаңыз, Талас шаарында боюнда бар келиндер аябай көп. Балдардын төрөлүүсүнүн көбөйгөнү да жашоо-турмуштун оңолгонун бир белгиси. Мектептерге барсаң 500 орундуу мектептерде 1200дөн бала окуп атышат. Бул көйгөйдү чечүү да биздин милдет.
Динара Бейшеналиева
Булак: “Азия Ньюс”