www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу демилгесин кеңири колдоп, жылына ири суммадагы акча каражаттарын жумшап келет. Мисалы, аталган фонддун каржылоосу менен Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагынын борбордук көчөсүнө толугу менен асфальт төшөлүп, жол кеңейтилди. Ошондой эле, жолдун четиндеги суу өткөрүүчү лотоктор жарактан чыгып калгандыктан толугу менен жаңыртылды. Союз мезгилинен бери Кажы-Сай айылында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн чириген бак-дарактар жол кыймылына тоскоолдук кылып, унааларга кооптуу абал жаратып келген. Ал эми кошумча жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жок болгондуктан адам өмүрүнө коркунуч жараткан учурлар дагы катталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңы жолдун салынышы менен кооптуу абал жоюлуп, туристтердин келишине да жакшы шарт түзүлдү. Туризм жергиликтүү жашоочулардын негизги каражат булактарынын бири. Жолдун курулушуна фонддун эсебинен жалпы 30 млн сомдон ашык акча каражаты жумшалган. 

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан Кажы-Сай айылындагы бала бакчанын имаратына жылуулук системасын орнотууга, музей-галереянын ачылышына жана айыл чарба техникасын сатып алууга акча каражаттары бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости