www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФ тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак менен режиссер Константин Богомоловдун үлпөт тою боюнча өз пикирин билдирди. Андан сырткары, дипломат айып өзүнүн 2005-жылы өткөн үйлөнүү үлпөт тою боюнча дагы токтолуп өткөн. Ал анда Нью-Йорк шаарында эмгектенчү. Андрей Макаров аттуу жаранга турмушка чыккан. Русское радионун “Алла Давлатова менен кечки шоу” эфиринде Захарова өмүрлүк жолдошу менен мамиле тез темп менен өнүгүп, акырында алар Нью-Йорк шаарындагы Россиянын башкы консулдугуна барып, никеге туруу боюнча арызы менен кайрылышкан.   

Анын айтымында, алардын үлпөт тоюнда мейман катарын эки эле адам болгон. Алар: Захарованын өзү жана болочоктогу өмүрлүк жолдошу Макаров.

Дипломат айымга тойдун мындай форматы анын купулуна толгон. Ал учурда шоунун алып баруучусу дипломаттан жакында эле россиялык шоу-бизнес айдыңында чоң резонанс жаратып, коомдо кеңири талкууга алынган Ксения Собчак жана Константин Богомоловдун үлпөт тоюна жеке пикири тууралуу кызыкты эле, дипломат айым ага чыныгы дипломатиялык этика менен жооп берүүгө аракет кылды көрүнөт.

“Ал ар кимдин өзүнүн иши деп ойлойм, мисалы, бизге экөөбүз эле тоюбуздун күнөөкөрлөрү жана чакырылгандары болгонубуз жаккан. Ал сезимдер дагы деле жанымда, эч жакка учуп кеткен  жок. Анан дагы башкасы менен салыштырып болбойт. Себеби, менде бир эле жолу үлпөт тою болгон”-деп жооп кайтарган Захарова.

ТИМдин расмий өкүлү Захарова жубайлар бал айын Бронкс шаарында өткөргөндүгүн кошумчалады. Бирок, артка кайтып келе жатып, унаасы оталбай койгон.

“Жолдошумдун шалаакылыгынан болгон ал күтүүсүз жагдай. Ал күндүз унаанын фараларын өчүрүүнү унутуп коюптур. Оталдыралы десек оталбай койгон. Бирок ал жагдай бизге романтика тартуулаган”- дейт Россиянын дипломатиясындагы темир айым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости