www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, Эпкин-Дыйкан жолу Нарын облусундагы көйгөйлүү маселелерден болуп саналат.

Мен анын абалы менен жеринде тааныштым. Жолдун абалы начар. «Todini» италиялык компаниясы иштин 70 % ын аткарышы тийиш эле, бирок болгону анын 10%ы аткарылган. Компания менен келишим 2020-жылдын 1-декабрында бузулган. Транспорт министрлигине эки ай ичинде тендер жарыялап жана өткөрүү тапшырылган. Андан соң курулуш иштерин баштоо зарыл. Бул түндүк менен түштүктү бириктирүүчү 70 км жол болуп саналат.

Биз 24 айдан соң, башкача айтканда 2022-жылдын соңуна дейре жолдун курулушу бүткөрүлөт деп ишенебиз.

Мындан тышкары, мен жергиликтүү калк менен жолугуштум, анда мектептерди жана мектепке чейинки мекемелердин курулушу, таза жана ичүүчү суу менен камсыздоо сыяктуу көйгөйлүү маселелер талкууланды. Ошондой эле, Кочкор районунун Туз айылында болдум, ал жердеги курулуп жаткан мектеп менен тааныштым. Ал 75% даяр, аны жыйынтыктоо үчүн быйыл 16 млн сом бөлүнүп берилет. Мектептин курулушу жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсем, Өкмөт аймактын тургундары тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости