www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан блогер Айбек Уланов кармалды. Бул тууралуу авдокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Маалыматка караганда, ага 330-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 5-июнда сотто анын бөгөт чарасы каралат.

Кылмыш коомчулукта резонанс жаратып жатканда Уланов келиндин жасалма интеллект менен жасалган сүрөтүн колдонуп пост жарыялаган. «Аялыңыз 20 жылдыкта классташы менен жатып алганын билип калсаңыз, кандай карайт элеңиз?» деп жазган. Анын бул постту сынга алып, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Уланов билдирүүнү өчүрүп, бир нече сааттан кийин кечирим сураган видеону жарыялаган. 

Последние новости