www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргыз тили кылымдарды карыткан тарыхыбызды, нарк-насилибизди, каада-салтыбызды жана дүйнө таанымыбызды өзүнө камтыган баа жеткис мурасыбыз. Айрыкча эне тилибиз улуттук уңгубузду бекемдеп, муундан муунга уланып келген тарыхый эс тутумубузду сактап турган негизги дөөлөттөрүбүздүн бири.
Дал ушул тилде ата-бабаларыбыз дүйнөлүк руханий казынанын туу чокуларынын бири болгон улуу «Манас» эпосун жаратып, муундан-муунга мураска калтырган. Ошондуктан «Манастан» башат алган сөз өнөрүбүз кылымдар бою калкыбыздын руханий тиреги болуп, тарыхыбыздын оош-кыйыш кезеңдеринде улуттук жүзүбүздү жоготпой сактап калууга кызмат кылды.
Мындан ары да кыргыз тили жашап турганда кыргыздын руху, тарыхый эс тутуму жана улуттук өзгөчөлүгү жашай берет. Тилибиз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн, улуттук биримдигибизди чыңдоонун, руханий мурасыбызды сактап, келечек муундарга жеткирүүнүн маанилүү куралы. Ага ылайык азыркы тапта кыргыз тилин коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонууга, заман талабына ылайык өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Албетте мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү мыйзамдар же талаптар менен гана чектелбейт. Тилдин күчү аны күн сайын колдонууда, балдарыбызга үйрөтүүдө жана кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүдө турат. Ар бир үй-бүлөдө мамлекеттик тилге болгон мамиле бекем болсо, мамлекеттин да келечеги да бекем болот.
Ошол эле учурда Кыргызстан көп улуттуу мамлекет катары өлкөбүздө жашаган бардык этностордун тилдерине, маданиятына жана салттарына урмат-сый менен мамиле кылып келет. Ал эми кыргыз тили жалпы жарандык биримдикке данакер болгон, коомубуздун ынтымагын жана мамлекетибиздин эгемендигин айгинелеген башкы баалуулуктардын бири катары кала берет.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Дагы бир жолу баарыңыздарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм!
Кыргыз тили жаңырып, Кыргыз мамлекети өнүгө берсин!", - деди Маматалиев.