www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев аялдардын лидерлигин өнүктүрүү, укуктарын коргоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине арналган улуттук диалогго катышты.
Иш-чара «Кыргыз Республикасынын келечегин калыптандыруучу аялдар: лидерлик, адилеттүүлүк, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана тынчтык» деген темада өттү.
Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле аймактардан келген 70ке жакын лидер аял катышты.
Марлен Маматалиев өз сөзүндө кыргыз аялдарынын коомдук-саясий турмуштагы, экономикадагы, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардагы ролун белгиледи. Анын айтымында, парламенттин азыркы чакырылышында аял депутаттардын саны 31ге жеткен.
Ошондой эле ал үй-бүлөлүк зомбулук, жумушка орношуу, ишкердик жүргүзүү, экономикалык ресурстарга жана укуктук жардамга жетүү маселелери дагы деле актуалдуу экенин белгиледи. Айрыкча айыл жергесиндеги жана алыскы аймактардагы аялдардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Төрага парламент аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана аялдардын билим алуу, эмгектенүү жана ишкердик жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган мыйзамдарды өркүндөтүүгө көңүл буруп жатканын билдирди.
Ал диалогдун жүрүшүндө айтылган сунуштар мыйзам чыгаруу ишинде эске алынарын кошумчалады.