www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмү заманбап офтальмологиялык жабдуулар менен камсыздалды. Алардын жалпы баасы 68 млн 144 миң 792 сомду түзөт.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда министрдин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International («Шарджа Чарити Интернешнл») жана «Ихсан-Хайрия» кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Анда фонддор менен кызматташуунун жыйынтыктары жана медициналык жабдууларды өткөрүп берүү маселеси талкууланды.

Бөлүмдү заманбап жабдуулар менен камсыздоо демилгеси 2024-жылдын 25-сентябрында Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары Шейх Султан бин Ахмад аль-Касиминин Улуттук госпиталга болгон иш сапары учурунда көтөрүлгөн.

Долбоордун алкагында жабдуулар 2026-жылдын башында бөлүмгө жеткирилип, орнотулуп, пайдаланууга берилген.

Министрдин орун басары Нурбек Букуев бул демилге медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана жарандардын ден соолугун чыңдоого багытталган кызматташтыктын маанилүү үлгүсү экенин белгиледи.

Последние новости