www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын бекитти.

Жалпы чыгым 1 млрд 200 млн сомду түзөт. Анын ичинен 646,56 млн сом 2026-жылга, 553,44 млн сом 2027-жылга каралган.

Сметага кайра добуш берүүгө 240 млн сом жана чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын добуш берүүсүн камсыз кылууга 53,2 млн сом киргизилген.

Шайлоону өткөрүү үчүн 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылууга каражат каралган. Анын ичинде чет өлкөлөрдөгү жарандар үчүн 100 жана аралыктан добуш берүү үчүн 40 кошумча участок болот.

Ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана тартылган адистерге сый акы төлөө, шайлоо жабдууларын, документтерди жана материалдарды даярдоо, жеткирүү жана башка уюштуруучулук чыгымдар эске алынган.

Последние новости