www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-майда Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эки саатка созулган кабыл алуу маалында Бишкек шаарынан эле эмес, аймактардан да келген 45ке жакын шайлоочу тарабынан жеке жана коомдук мүнөздөгү бир катар маселелер айтылды. 

Айрыкча укук коргоо, сот жана саламаттыкты сактоо тармактарына тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, жарандардын көпчүлүгү турак-жай жана жер маселесине байланышкан жагдайларга токтолушту. 

Айрымдары боюнча кайрылуу, арыз каттары кабыл алынса, кээ бирлерин Төрага дароо тиешелүү мамлекеттик-муниципалдык мекемелердин жетекчилерине телефон чалып, чечүү тапшырмасын берди.

Ошону менен катар Төрага Марлен Маматалиев айтылган бардык маселе көңүл сыртында калбай тургандыгын билдирип, ар бири боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.

«Парламент эл менен бийликти байланыштарган башкы өкүлчүлүктүү орган. Андыктан, биздин башкы максатыбыз мыйзам чыгаруу менен катар калктын көйгөйүн көтөрүп, алардын чечилишине ар тараптан көмөк көрсөтүү. Тагыраагы, айтылган маселелерге тийиштүү мамлекеттик органдардын көңүлүн буруп, мыйзамдагы мүчүлүштүктөр болсо ыкчам түрдө өзгөртөбүз», - деди Марлен Маматалиев. 

Алсак, жакында эле Төрага Марлен Маматалиевдин демилгеси менен Жогорку Кеңештин Коомдук кабылдамасы толугу менен жаңыланып, санариптик технологиялар жана жасалма интеллектке негизделген жабдуулар менен жабдылган. 

Коомдук кабылдамага кагаз жүзүндө эле эмес, оозеки түрдө да айтылган кайрылууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аудио жазуулар жасалма интеллектке негизделген система аркылуу текст катары иштелип чыгып, дароо колу коюлуп, тиешелүү депутатка жолдонот. Мындай мүмкүнчүлүк парламент менен шайлоочулардын байланышын жакшыртууда.

 

Последние новости